Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму өтүп жатат. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да катышууда. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.
Алмазбек Атамбаев 28-октябрда №47 колонияга которулган.
Кой-Таш окуялары боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Аларга Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен айып коюлган.