Кыргызстанда коронавирус менен ооруп калып, андан айыккандардын саны 55 миңден ашты.
Республикалык штаб 11-ноябрга карата 532 адам коронавирустан сакайганын кабарлады. Алар:
-Бишкек шаарында — 128;
-Ош шаарында — 16;
-Чүй облусунда — 58;
-Ош облусунда — 95;
-Талас облусунда — 14;
-Нарын облусунда — 7;
-Ысык-Көл облусунда — 61;
-Жалал-Абад облусунда — 69;
-Баткен облусунда — 84 бейтап айыкты.
Март айынан бери коронавирустан айыккандардын саны 55 миң 306га жетти.
11-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдети менен катталгандардын жалпы саны 64 миң 360 адам, каза болгондор 1188, айыккандар 55 миң 306.