Биз менен байланышыңыз

Муун оорулары жашарды

Акыркы учурда жаштар муун оорулары менен көп кайрылышууда. Бул тууралуу ревмотолог Бурмачач Чолпонкулова «Мединфо» программасына берген маегинде билдирди.

«Муун ооруларынын түрлөрү абдан көп, мисалы, ревматизм жана артриттин бир канча түрлөрү бар, ал 70 %га көбөйдү. Андан сырткары жаңы муун оорулары көбөйүп жатат. Эмне себептен көбөйүп жаткандыгы азырынча тактала элек. Муун ооруларын алдын алуу үчүн бала бакчадан башташ керек. Эн биринчи, туура тамактануу жана физикалык кыймыл-аракеттин көп болушу зарыл. Ошондой эле суукка кабылуудан абайлаш керек. Суук мезгилде оору козголуп, муундар ооруйт».

Ошондой эле дарыгер ар бир жарым жыл сайын муундарды текшертип, алдын алуу иштерин жүргүзүп туруу керектигин айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM