Биз менен байланышыңыз

Хабибдин досу Ислам Махачевдин беттеши токтотулду

Кыска кабар , Спорт | 10 Ноя 2020 | 333 | 0

АКШнын Лас-Вегас шаарында 15-ноябрда өтө турган «UFC Vegas-14» турниринде орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу Ислам Махачев менен бразилиялык мушкер Рафаэль Дос Аньостун ортосундагы беттеш Махачевдин жаракат алып калгандыгына байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Муну менен эки мушкердин беттеши экинчи ирет токтотулуп жатат. Биринчи беттеш 24-октябрда өтмөк. Анда Дос Аньостон коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылган.

36 жаштагы Дос Аньос акыркы 5 беттешинин төртүндө жеңилип калган. Профессионалдык карьерасында ал жалпы 42 беттеш өткөрүп, анын ичинен 29 жолу жеңүүчү аталып, 13 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми, 29 жаштагы Ислам Махачев жалпы 19 беттеш өткөрүп, анын 18инде жеңүүчү аталып, бир ирет жеңилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM