Бүгүн, 5-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Анда 5-6-октябрда болуп өткөн окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү маселеси каралат.
Ошондой эле өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал, экономика тармактары жана калкты 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жөнүндө Өкмөт маалымат берет.