Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Терек-Сай» алтын кенине барды

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 716 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты.

«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү Жапаровго чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын айтышты.

Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тапшырма берди.

«Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр», — деди премьер-министр.

Ошондой эле «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарышынан үмүт кылды. Анын айтымында, компаниянын социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана жаратылышты коргоо маселеси көзөмөлдө болот.

Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% — «Кыргызалтын» ААКына, 75% — «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM