Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү-2020: Манас Ниязов 7 улак салды

Кыска кабар , Спорт | 4 Ноя 2020 | 702 | 0

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн болгон көк бөрү беттешинин саат 09:00гө белгиленген тайпалык оюнунда «Төш-Булак» командасы менен «Ала-Тоо» командасы кез келди.

Бул турнирде «Ала-Тоо» командасынан катышкан, таанымал улакчы Манас Ниязов 7 улак салды. Ал оюнга Шторм аргымагын минип чыккан.

Оюндун жыйынтыгында эки команданын ортосундагы беттеш 1:12 эсебинде «Ала-Тоо» командасынын жеңиши менен аяктады.

Учурда биринчи лиганын «Б» тайпасындагы «Четинди» — «Келечек» командаларынын ортосундагы беттеш жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM