Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик менен алынып келинген 52 автоунаа аныкталды

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 471 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген 52 автоунааны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келинген 52 автоунааны аныкташты.

Анын кесептинен мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 81 млн 742 миң 282 сомду түзөт.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө караштуулугу боюнча органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM