Биз менен байланышыңыз

УКМК: ИИМдин медициналык башкармалыгында коррупция аныкталды

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 385 | 0

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитети кабарлады.

2020-жылдын 27-октябрында ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы, Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Ички иштер башкармалыгынын кызматтарына, Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментине ден соолугу талапка жооп бербеген (бою кыска, толук, көзү начар көргөн ж.б.) жарандарды ишке орноштуруу үчүн акча алган фактылар катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын улантып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM