Биз менен байланышыңыз

Доллардын курсу жогорулап жатат

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 561 | 0

Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу акыркы бир күн ичинде 50 тыйынга кымбаттады. Учурдагы курс боюнча коммерциялык банк жана акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 83,5 сомго сатылууда.

2-ноябрда доллардын курсу 82 сомдон 83 сомго жогорулаган.

Улуттук банк октябрь айында эки ирет интервенция жасап, валюта базарына 59,5 млн доллар саткан.

Улуттук банк доллардын кыргыз сомуна карата курсу кымбаттап кетишине суроо-талаптын күчөгөнү себеп болгонун билдирди.

«1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет, Улуттук банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартуу аракетин көрөт. Бул жолу доллардын кымбаттап кетишине — суроо-талаптын күчөгөнү, сырьелук товарлардын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болду», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 3-ноябрда Улуттук банктын расмий курсу боюнча доллардын сомго карата наркы 81,80 сом деп белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM