Биз менен байланышыңыз

Кыргызгидромет: 8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 352 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 8-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

9-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM