Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү оюндары башталды

Кыска кабар , Спорт | 3 Ноя 2020 | 394 | 0

Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында эр эңиш, салбуурун, ат чабыш сыяктуу ат оюндары да орун алат.

Оюндардын программасы:

3-7-ноябрь — Көк бөрү боюнча тайпалык беттештер;

7-ноябрь — Көк бөрү боюнча 3-орун үчүн беттеш, эр эңиш, салбуурун оюндары;

8-ноябрь — Көк бөрү боюнча финалдык беттеш, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер;

Кечээ, 2-ноябрда көк бөрү боюнча тайпалык беттешке чүчү кулак тартылып, тайпада ойной турган командалар аныкталды.

Биринчи лига

«А» тайпасы:

«Жети-Өгүз»

«Төш-Булак»

«Ала-Тоо»

 

«С» тайпасы:

«Ай-Тамга»

«Мурас»

«Тору-Айгыр»

«В» тайпасы:

«Сокулук»

«Четинди»

«Келечек»

«Д» тайпасы:

«Жумгал»

«Суусамыр»

«Көк- Жал»

 

Жогорку лига

«А» тайпасы:

«Ынтымак»

«Ат-Башы»

«Сары-Өзөн»

«Б» тайпасы:

«Достук»

«Жаш-Күч»

«Кара-Буура»

Биринчи лиганын беттеши бүгүн башталды. Ал эми Жогорку лиганын оюндары эртең, 4-ноябрда башталат. Оюндарды «КТРК Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM