Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн көк бөрү оюндары башталды. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында эр эңиш, салбуурун, ат чабыш сыяктуу ат оюндары да орун алат.
Оюндардын программасы:
3-7-ноябрь — Көк бөрү боюнча тайпалык беттештер;
7-ноябрь — Көк бөрү боюнча 3-орун үчүн беттеш, эр эңиш, салбуурун оюндары;
8-ноябрь — Көк бөрү боюнча финалдык беттеш, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер;
Кечээ, 2-ноябрда көк бөрү боюнча тайпалык беттешке чүчү кулак тартылып, тайпада ойной турган командалар аныкталды.
Биринчи лига
«А» тайпасы:
«Жети-Өгүз» «Төш-Булак» «Ала-Тоо»
|
«С» тайпасы:
«Ай-Тамга» «Мурас» «Тору-Айгыр» |
«В» тайпасы:
«Сокулук» «Четинди» «Келечек» |
«Д» тайпасы:
«Жумгал» «Суусамыр» «Көк- Жал»
|
Жогорку лига
«А» тайпасы:
«Ынтымак» «Ат-Башы» «Сары-Өзөн» |
«Б» тайпасы:
«Достук» «Жаш-Күч» «Кара-Буура» |
Биринчи лиганын беттеши бүгүн башталды. Ал эми Жогорку лиганын оюндары эртең, 4-ноябрда башталат. Оюндарды «КТРК Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.