Биз менен байланышыңыз

«Семетей» госпиталы COVID-19 менен ооругандарды кабыл ала баштайт

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 454 | 0
Бүгүн, 2-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтердин жетекчилери «Семетей» госпиталындагы (мурунку «Ганси» авиабазасы) COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Госпиталдын лабораториядан башка жабдуулары толук даяр экендиги белгилүү болду. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орундук, ал эми дарылоо бөлүмүндө 250 орундук бар, муктаждык жаралса, орундуктардын саны көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бейтаптарды жана медициналык кызматкерлерди тамак-аш менен камсыздоо керектиги айтылды.

4-ноябрда баштап керектүү оргтехникалар, медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталат. Бир жуманын ичинде «Семетей» госпиталы COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM