Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен ооругандарда иммунитет беш айга чейин сакталат

Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 716 | 0

Нью-Йорктогу «Маунт Синай» медициналык борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп айыккан адамдын антителасы болжол менен беш айга чейин сакталат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын «Science» журналы жарыялаган. Ага таянсак, антитела кайрадан ооруп калуудан сактоо же вирусту алсыратып коюу күчүнө ээ.

Изилдөөгө коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган 30 миңге чукул адам катышкан.

Буга чейин Лондондун Империя коллежинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооругандан кийин адамдын организминдеги антитела бир нече айдын ичинде кайталап илдетти жугузуп алуудан сактабай турган деңгээлге чейин азайышы ыктымал деп жазылган.

COVID-19 вирусун симптомсуз жеңгендер арасында антителанын деңгээли өзгөчө тез түшөрү катталган. Изилдөөчүлөр ошондой эле 75 жаштан жогорку курактагы бейтаптарда антитела бат жоголгонун аныкташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM