«Ак-Тилек автожолу» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
«Тойота-Хайлендер» унаасы менен 31 жаштагы С.М. аттуу кыргыз жараны 40 коробкада 800 даана «Redmi» үлгүсүндөгү уюлдук телефон алып кирген. Бул товарлардын уруксат берүүчү документи болгон эмес.
Алдын ала эсеп боюнча телефондордун жалпы суммасы 7 млн 990 миң сом болгон. Чек ара кызматы айдоочуну жана товарды тийиштүү органдарга өткөрүп берди.