Connect with us

9 айда өлкөдө 256 км жолго асфальт төшөлдү

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 393 | 0

Транспорт жана жол министрлиги 2020-жылдын 9 айында жасаган иштери жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Бакыт Бердалиев маалымат жыйында билдирди:

Алардын билдирүүсүнө таянып айтсак, өлкө казынасынын эсебинен 400 км жолго асфальт төшөө, кайра оңдоо иштери каралып, бирок пандемия шарттарына байланыштуу учурда 193. 7 км жол гана бүткөрүлдү.

Анын ичинен аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында район-шаарлардын 152,9 км ички жолдорун капиталдык оңдоп-түзөө пландаштырылган. Учурда 155,6 км жолго асфальт төшөлдү. Маселен, «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» унаа жолунун 85-104-чакырымдарында асфальт катмарынын үстүңкү бөлүгүн төшөө иштери жүрүп жатат. 9 айда аталган жолдун 12,6 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн.

Ошондой эле ушул жылдын 14-сентябрында жер көчкүдөн улам жабылып калган «Дыйкан-Кара-Кече» жолу кайра оңдолуп, узундугу 3500 метр, туурасы 8,5 метр (айрым жерлерде 4,5 м) келген унаа жол салынды.

Ал эми эл аралык донор уюмдардын эсебинен 2020-жылга 143 км асфальт төшөө пландалып, тилекке каршы, COVID-19 пандемиясынан улам киргизилген өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимдерине байланыштуу ишмердикке чектөөлөр коюлуп, долбоорлорду ишке ашыруу кыйла кечеңдеген. Мындан улам асфальт төшөө 92 километрге кыскарып, 9 ай ичинде 62,2 км асфальт төшөлдү.

Алак:

-«Түндүк-Түштүк» унаа жолу — 9 км;

-«Бишкек-Кара-Балта» унаа жолу — 19,6 км;

-«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолу — 10,6 км;

-«Ош-Баткен-Исфана» унаа жолу — 12 км;

-«Жалал-Абад-Маданият» унаа жолу — 11 км;

Бүгүнкү күндө калган жумуштарды жылдын аягына чейин аяктоо маселеси каралууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM