Connect with us

Чолпон-Атада өтүүчү ат оюндарын блогерлер да чагылдырса болот

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2020 | 399 | 0

3-8-ноябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Президенттин кубогу боюнча көк бөрү мелдешин жана ат оюндарын блогерлер да чагылдыра алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

«Блогерлер кесиптик ишин жүзөгө ашырууда уюштуруучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоого, ошондой эле жалпы таанылган этикалык нормаларды сактоого милдеттүү. Мындан тышкары, блогерлердин сайттарына же алардын интернеттеги баракчаларына жайгаштырылган маалыматта сөгүнгөн сөздөр, зомбулукка чакыруу, баңгиликке үгүттөө, экстремисттик, диний же саясий идеялар болбошу керек», — деп айтылат маалыматта.

Аккредитациядан өтүү үчүн паспорттун көчүрмөсүн, басылманын аталышын (социалдык баракчаларга шилтемелер), кызмат ордун жана байланыш телефонун sport.gov.kg@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек. Билдирмелерди кабыл алуу 2-ноябрда кечки саат 17:00дө аяктайт. Каттоодон өттү делген төш белги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнө 0312 325380 номери аркылуу кайрылууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM