Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 45 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 291 | 0

30-октябрга карата дүйнө жүзү боюнча 45 млн 65 миң 852 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Джон Хопкинс университети дүйнөлүк картасына жайгаштырды.

Дүйнөлүк карта белгилегендей, коронавирус инфекциясы дүйнөнүн 190 өлкөсүндө катталып, андан 1 млн 181 миң 321 бейтап каза тапкан.

Вирус жугузгандардын саны боюнча да (8 млн 946 миң 691), каза тапкандардын саны боюнча да (228 миң 668) АКШ биринчи орунда турат. Ошондой эле Индия, Бразилия, Орусия, Франция, Испания, Аргентина, Колумбия өлкөлөрүндө вирус жугузгандардын саны миллиондон ашкан. Ал эми бейтаптардын өлүмү боюнча (100 миңден жогору) АКШдан кийинки орундарда Бразилия менен Индия мамлекети турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM