Биз менен байланышыңыз

Швеция нак акча колдонбогон өлкө катары таанылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 403 | 0

Швецияда акчаны нак колдонуу төмөнкү көрсөткүчкө чейин түштү. Бул тууралуу «Dagens Nyheter» басылмасы жазды.

Маалым болгондой, жүгүртүүдөгү нак акчанын жалпы наркы өлкө ИДӨсүнүн 1 %ын гана түзөт. Бул — бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

Швецияда майда гана төлөмдөр накталай жүргүзүлөт, бирок андай майда соода өтө сейрек кездешет. Шведдер, айрыкча улгайган адамдар төлөмдөрдү тиркемелер, кредит картасы же уюлдук телефон аркылуу жүргүзүшөт. Айрыкча мындай төлөм пандемия учурунда өзгөчө көп колдонулган.

Нак акчанын жоктугуна байланыштуу банктар менен дүкөндөрдөгү тоноолор жокко эсе. Бирок кибер алдамчылык фактыларынын саны, анын ичинде төлөм карталарын бузуп кирүү, банктын маалыматтарын уурдоо көбөйүүдө.

Анткен менен накталай эмес эсептешүүлөрдүн принципиалдуу каршылаштары да бар. Алсак, «Cash Riot» уюмунун мүчөлөрү «Согуш же башка кризис болуп кетсе, электрондук тутумдар иштебей калса, өлкө эмне болот?» деген суроону өлкө бийлигине дамамат берип келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM