Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстан дүйнө жүзүндөгү эң коопсуз өлкө деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 763 | 0

Callup изилдөө компаниясы жүргүзгөн бүткүл дүйнөлүк сурамжылоого ылайык, Түркмөнстан менен Сингапур мыйзамды жана тынчтыкты так сактаган коопсуз өлкө деп табылды. Эки өлкө тең 97ден балл алган. Бул тууралуу аталган институттун расмий сайтына жарыяланды.

Булардан кийинки орунду 94 балл менен Кытай Эл Республикасы ээледи. Ошондой эле тизменин алдыңкы ондугунда Исландия, Кувейт, Норвегия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттары бар. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүчтү Ооганстан мамлекети алды.

Callup изилдөө компаниясы жыл сайын өздөрү изилдөөгө алган өлкөнүн тургундарына же конокторуна: «Өлкөнүн укук коргоо органдарына ишенесизби? Түндө көчө аралап жүрө аласызбы? Сизди же жакындарыңызды акыркы бир жыл аралыгында тоноо болгон жокпу?» — деген сыяктуу анкеталык суроолорду берүү аркылуу коопсуз өлкөлөр рейтингин аныктайт.

Айта кетчү жагдай, аталган компаниянын изилдөө багыты кеңири. Айталы, «Эң бактылуу өлкө», «Экономикалык жактан күчтүү өлкө», «Абасы таза өлкө» деген сыяктуу бир катар сурамжылоолордун негизинде ар тараптуу жыйынтыктарды чыгарып, коомчулукка жарыялап келет. «Мыйзамды жана тынчтыкты так сактаган коопсуз өлкө» ошондой сурамжылоо рейтингинин бир багыты болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM