Биз менен байланышыңыз

Жаңы жетекчиге нааразылык. Энергетиктер митингге чыгышты

Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 407 | 0

«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери нааразылык митингине чыгып, өкмөт үйүнүн алдына келишти. Алар өкмөт башчы Садыр Жапаров менен жолугууну өтүнүшүүдө.

Акцияга чыккандар «Түндүкэлектр» ишканасынын мурунку директору Доскул Бекмурзаевди кызматына кайра кайтарууну талап кылышып, «Мурунку директорду кайра алып келмейинче, кокус кайсы бир жерде авария болуп, жарык өчсө, чара көрбөйбүз», — деп жатышат.

Маалыматка караганда, Бишкектеги төрт райондук электр станциянын кызматкерлери жаңы директор менен иштешүүгө каршы.

Доскул Бекмурзаев 28-октябрда «Түндүкэлектр» ишканасынын директорлор кеңешинин чечими менен иштен алынган. Анын ордуна Улан Астаркулов дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM