Биз менен байланышыңыз

Футболчу 56 метрден фантастикалык гол киргизип, рекорд койду

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2020 | 270 | 0

Кипрдик жарым коргоочу Хорди Гомес 56 метрден гол киргизип, Европа Чемпиондор Лигасынын рекордун жаңылады. Бул тууралуу «Match TV» телеканалы билдирди.

Европа Чемпиондор лигасынын 2-турунда Кипрдин «Омония» футболдук клубу менен Голландиянын «ПСВ» клубу беттешти. Оюндун 29-мүнөтүндө 35 жаштагы «Омониянын» жарым коргоочусу Гоместин 56 метр алыстыктагы айып аянтчасынан тепкен тобу гол жаратып, эсепти ачты.

Белгилей кетсек, өткөн жумада «Стандард» менен болгон оюнда «Рейнджерстин» жарым коргоочусу Кемар Руфтун 50 метрден киргизген голу рекорд катары катталган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM