Биз менен байланышыңыз

УЕФАнын эң күлүк оюнчусу аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 29 Окт 2020 | 265 | 0

Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын эң күлүк оюнчусу делип «ПСЖ» командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе табылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Килиан Мбаппе «Бавария» клубуна каршы оюнда саатына 33,98 километр чуркаган.

Тизменин экинчи сабына «Лейпциг» командасынын оюнчусу Лукас Клостерманн (33,82 км/саат) жайгашса, үчүнчү орунга «Аталанта» клубунун коргоочусу Ханс Хатебур (33,71 км/саат) жайгашкан.

Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонундагы эң ылдам 10 оюнчунун тизмеси:

  1. Килиан Мбаппе («ПСЖ») — 33,98 км/саат;
  2. Лукас Клостерманн («Лейпциг») — 33,82 км/саат;
  3. Ханс Хатебур («Аталанта») — 33,71 км/саат;
  4. Ашраф Хакими («Боруссия Дортмунд») — 33,46 км/саат;
  5. Альфонсо Дэвис («Бавария») — 33,37 км/саат;
  6. Кайл Уокер («Манчестер Сити») — 33,35 км/ссат;
  7. Ферланд Менди («Реал Мадрид») — 33,32 км/саат;
  8. Кингсли Коман («Бавария») — 33,20 км/саат;
  9. Эрлинг Холанд («Боруссия Дортмунд») — 33,02 км/саат;
  10. Луис Мюриэль («Аталанта») — 33,01 км/саат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM