Биз менен байланышыңыз

Футбол: Роналдусуз ойногон «Ювентус» «Барселонага» утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 29 Окт 2020 | 319 | 0

Чемпиондор Лигасынын тайпалык этабынын экинчи турунун матчында беттешкен Италиянын «Ювентус» командасы Испаниянын «Барселона» командасына өз үйүндө жеңилди.

Туринде өткөн «G» тайпасынын жолугушуусу 2:0 эсеби менен аяктады. Голдорду Усман Дембеле (14-мүнөт) жана Лионель Месси (90 + 1, пенальтиден) киргизишти.

«Ювентустун» чабуулчусу Альваро Моратанын (15, 30 жана 55) үч жолку тепкен голу офсайддан улам жокко чыгарылды. Бардык эпизоддордо офсайд позициясы катталды.

Белгилей кетсек, «коронавирус жуктуруп алды» делген «Ювентустун» чабуулчусу Криштиану Роналду оюнга жетишпей калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM