Биз менен байланышыңыз

Богок оорусуна кабылбоо үчүн күнүнө канча көлөмдө йод колдонуу керек?

Ден соолук , Пикирлер | 28 Окт 2020 | 2213 | 0

Йод жетишсиздигинин алдын алуу үчүн организмди йод менен туура азыктандырыш керек. Бул тууралуу «Марал» радиосунун «Мединфо» программасына берген маегинде врач-эндокринолог Кайыргүл Жоошбаева билдирди.

Дарыгердин айтымында, жаш балдар күнүнө 100 мг, ал эми чоңдор 200 мг йодду организмине кабыл алуусу зарыл. «Кыргызстан йоддун жетишсиздиги боюнча эндемиялык аймакка кирет. Кыргызстандын абасында, суусунда, азык заттарында керектүү йод микроэлементи өтө аз санда. Ошол үчүн богок оорусуна кабылгандар биздин өлкөдө көп кездешет», — деп белгилейт Жоошбаева.

Йод — бул: калкан безин синтездөөчү микроэлемент. Йоддун жардамы менен калкан без гормондорду бөлүп чыгарат. Йодду аз колдонгон учурда калкан безинин оорулары пайда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM