Биз менен байланышыңыз

Футбол: Месси менен Роналду Чемпиондор лигасында беттешет

Кыска кабар , Спорт | 28 Окт 2020 | 351 | 0

Дүйнөлүк атактуу футболчулар Лионель Месси менен Криштиану Роналду оюн талаасында беттешет.

УЕФАнын расмий сайтына илинген жүгүртмөгө ылайык, эртең, 29-октябрда курамында Криштиану Роналду ойногон Италиянын «Ювентус» клубу менен Лионель Месси ойногон Испаниянын «Барселона» клубу аталган уюмдун Чемпиондор лигасынын алкагында оюн өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2:00дө Италиянын «Ювентус Стэдиум — Турин» стадионунда башталат.

Чемпиондор лигасынын II турунун 28-октябрда жана 29-октябрда боло турган оюн жүгүртмөсү төмөнкүдөй тизмектелди:

28-Октябрь, саат: 23:55

  • Краснодар – Челси
  • Истанбул Башакшехир – ПСЖ

29-октябрь, саат: 02:00

  • Севилья – Ренн
  • Брюгге – Лацио
  • Боруссия Д – Зенит
  • Ференцварош – Динамо К
  • Ювентус – Барселона
  • Манчестер Юнайтед – РБ Лейпциг

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM