Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов дүйнөнүн эң алдыңкы мушкери аталды

Кыска кабар , Спорт | 28 Окт 2020 | 322 | 0

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмундагы мыкты мушкерлердин сап башына чыкты. Бул тууралуу ал өзү Инстаграмдагы баракчасына жазды.

«Бул — менин бүткүл өмүрүмдү арнаган иш. Мен мындай көрсөткүчкө оңой жеткен жокмун. Талыкпаган эмгек, Аллахка үмүт жана сабырдуулук — ушул үч сапат ийгиликке жетүүмө жардам берди. Анан, албетте, мага көп убактысын арнап, арбын эмгегин жумшаган атамдын туруктуу көзөмөлү жана кеңештери менен жеттим», — деп жазды Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун буга чейинки рейтингинде биринчи орунда Жон Жонс турчу, ал эми Нурмагомедов экинчи орунда болчу.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC-254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM