Кыргыз мушкери Турат Осмонов кесипкөй бокстун WBC Asia версиясы боюнча титулдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу өзү социалдык баракчасына билдирди.
Беттеш 30- октябрда Орусиянын Барнаул шаарында 54 килограмм салмактагылар арасында өтөт. Кыргыз мушкеринин атаандашы орусиялык Артём Ткаченко болмокчу.
Белгилей кетсек, Турат Осмонов 2019-жылы профессионалдар арасында 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең жеңишке жеткен.