Биз менен байланышыңыз

Өлкө турукташпаса, инвестор келбейт

Экономика | 26 Окт 2020 | 480 | 0

Бүгүн өлкө экономикасы кыйынчылыкты башынан кечирүүдө. Казынадагы тартыштык 30 миллиард сомдон ашары болжолдонууда. Бул акыбалга пандемиядагы кырдаалдан улам келгенибиз баарыбызга белгилүү. Аны менен бирге акыркы учурдагы коомдук саясий кырдаал да каржылык каатчылыкка кептеп, өлкөдөгү туруксуздук инвесторлорду чочутту.  Мындай учурда бизнес тармагын активдештирүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу маанилүү.

Белгилей кетсек, 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун катышуусунда Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отуруму өтүп, анда аталган багытты жакшыртуу маселелери талкууланган. Өкмөт башчы өз сөзүндө инвестициянын өлкө экономикасындагы маанисине токтолгон.

— Экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ. Стабилдүү экономика, бизнестин туруктуу жана ачык иштеши – өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы. Тагыраак айтканда, инвестиция — социалдык-экономикалык өнүгүүлөргө негиз болот. Өлкөгө жаңы технологияларды алып келүү менен заманбап башкаруучулук тажрыйбаны камсыз кылат, жаңы жумуш орундарын түзөт. Инвестициялар аймактардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров тиешелүү тараптарга банктык жана салыктык сырлардын купуялуулугун сактоо, менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестигин камсыздоо, ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге болгон тоскооолдуктарды жоюу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берген.

Бирок Өкмөт канчалык шарт түзөбүз деген менен азыркы тапта инвесторлордун келүүсү күмөн. Дал ушундай пикирди карманган Чет элдик инвестициялар ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев жакынкы айларда өлкөгө инвестициянын келүүсү бир топ азайышы мүмкүндүгүн билдирди. Мындан тышкары тармактын ишин илгерилетүүдө кадрлардын орду чоң экенин, тилекке каршы, кадрларды алмаштыруу иштери туура эмес жүрүп жатканын кошумчалады.

— Саясий туруксуздуктун айынан, мыйзамсыздыктардын айынан ири инвестицияларды тарта албай келебиз. Айрыкча акыркы окуялардын кесепетинен тышкы, ички инвестициялар өз ишин токтотуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылууда. Мындай туруксуздуктан улам жакынкы убактарда Кыргызстанга инвестиция салгандар кескин азайышы мүмкүн. Ошондой эле бул багытта кадрларларды дайындоо туура эмес жүрүп жатат. 80 %ы мурда иштеген жана алар бул багыттын ишин жакшы алып кете алган эмес.

Ал эми Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарт түзүлүшү зарылдыгын, ал үчүн өлкөдө мыйзамдуулук тезирээк орношу керектигин айтат.

— Инвесторлорду бул учурда тартуу кыйын. Анткени, буга — биринчиден, коронакризис, экинчи жагынан, акыркы учурдагы саясий туруксуздук себеп. Болуп көрбөгөндөй мыйзамсыздыктар орун алып, азыркыга чейин уланууда. Конституциялык мыйзамдар да бузулууда. Мындай кырдаалда кадрларды туура тандоо зарыл.

Тилекке каршы, учурда өлкөбүздө жаралган кырдаалдан пайдаланып, Жер-Үй, Металл-Кен, Терек-Сай сыяктуу инвестициялык ишканалардын мүлкүн бүлүндүргөн учурлар катталган. Экономисттер муну жергиликтүү эл менен биргелешип иш алып барбагандыктын, аймактагы экологиялык маселелерде эл аралык талаптар сакталбагандыктын кесепети катары баалашууда.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM