Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Тажик тарап курулушту токтотуп, жолду калыбына келтирет

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 335 | 0

Бүгүн, 26-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү жүрдү. Ага Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев, Тажикстандын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүү учурунда эки тарап бир пикирге келип, такталбаган аймакта жүргүзгөн курулуш токтотулуп, тажик тарап жерге төшөлгөн таза суу түтүктөрүн алып, казылган жолду калыбына келтирүүдө.

Чек ара кызматы учурда абал тынч экенин, топтолгон жарандар тараганын кабарлады.

Жапаров чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу аймактарды кыдырат

25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Үч-Дөбө айыл аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам эки өлкө жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, токтотууну талап кылышкан. Тажик тарап ага макул болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM