Биз менен байланышыңыз

Жапаров чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу аймактарды кыдырат

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 515 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жакын арада чек ара көйгөйлөрү боюнча Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу Жапаров 26-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алганда айтты.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулашты.

25-октябрда Тажикстандын жарандары чек аранын талаш тилкесине суу түтүктөрүн орното башташкан. Кыргызстандын чек арачыларынын мындай иштерди токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына Тажикстандын жарандары көнгөн эмес, жыйынтыгында кыргыз тарап асманга эки ирет ок аткан.

Азыркы тапта куруу иштери токтотулган, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди бир гана тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү маанилүү экенин белгиледи.

Ал жакын арада бардык чек ара көйгөйлөрү боюнча жеринде таанышуу максатында Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына бир нече күнгө иш сапары менен барарын айтты.

«Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн бул маселени чечүүнү улам артка жылдыра берүүгө болбойт. Чек арадагы райондордун тургундары тынчтык жана туруктуулукта жашашы керек», — деди Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM