Биз менен байланышыңыз

Байден АКШ үчүн чоң коркунучту атады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 354 | 0

Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер Жозеф Байден Орусия Америка үчүн чоң коркунуч экенин CBS каналына берген маегинде билдирди.

«Менин оюмча, азыркы учурда Орусия биздин коопсуздугубузга жана биздин союздаштыгыбызга эң чоң коркунуч келтирип жатат. Экинчиден, мен Кытайды биздин эң чоң атаандаш катары көрүп жатам. Орусия эмне кылып жаткандыгын караңыз — ал бардык диктаторлорго кайрылып, биздин досторубуздун ишин үзгүлтүккө учуратты. Биздин НАТОдогу досторубуз бизден баш тартышууда, анткени алар бизге ишенбейт», — деди Байден.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусия дезинформация жана пропаганда жагынан лидер экендигин айткан. Бул жаатта Орусиянын ыкмаларын ачыкка чыгаруу боюнча бөлүм иш алып барат.

Ошол эле учурда Ак үй Москваны өзүнүн күчтүү атаандашы деп эсептөөдөн баш тартууда. Алар Кытай өкмөтүнүн иш-аракеттери «барган сайын куралдуу» болуп баратат деп айтышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM