«Барселона», «Милан» клубдары жана Бразилиянын улуттук командасынын мурдагы жарым коргоочусу Роналдиньо коронавирус жуктуруп алды.
«Коронавируска тест тапшырдым. Жыйынтыгы оору бар деп чыкты. Бардыгы ордунда, оору бар экени сезилген деле жок», — деп жазган 40 жаштагы футболчу Инстаграм баракчасына.