Польшанын президенти Анжей Дуда коронавируска чалдыкты. Бул маалыматты Анжей Дуданын маалымат катчысы Блажей Спихальский Твиттер баракчасы аркылуу билдирди.
«Урматтуу айымдар жана мырзалар! Текшерүүдөн кийин президент Анжей Дуда коронавируска чалдыкканы тастыкталды. Учурда анын абалы жакшы. Биз тиешелүү медициналык кызматтар менен үзбөй байланышып турабыз», — деп жазган Блажей Спихальский.
Польша мамлекетинде жалпы 241 миң 946 адам коронавируска чалдыгып, 4 миң 351 бейтап оорудан көз жумган.