Биз менен байланышыңыз

«Samsung» корпорациясынын жетекчиси каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 464 | 0

Түштүк Кореядагы «Samsung» корпорациясынын жетекчиси Ли Гон Хи 78 жашында Сеулдагы ооруканалардын биринде катуу оорудан каза болду. Бул тууралуу «Yonhap» порталы жергиликтүү басылмаларга таянып, маалымат таратты.

«Samsung» корпорациясы Ли Гон Хиге атасы Ли Бён Чхолдон мураска калган. Ал аталган корпорациядагы ишин 1967-жылы баштаган. 1987-жылы атасы каза болгондон кийин жетекчилик кызматка келип, жергиликтүү жөнөкөй ишкананы дүйнөлүк ири корпорацияга айланткан.

«Interbrand» сурамжылоо порталынын 2020-жылдагы рейтингинде «Samsung» бренди алтынчы орунда турат.

Белгилүү болгондой, Ли Гон Хи көзү өтөрдүн алдында корпорцияны жетектөөнү уулу Ли Жэ Ёнго өткөзүп берип, аны мураскору катары жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM