Биз менен байланышыңыз

Украинада өзгөчө шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 329 | 0

Бүгүн, 25-октябрда Украинада жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн айылдык, шаардык, аймактык кеңештердин депуттары шайланат.  Шайлоо тилкелери саат 8ден кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү: украин калкы добуш берүү менен бирге Владимир Зеленскийдин демилгеси менен киргизилген анкеталык суроолорго да жооп берет.

Анкетага төмөнкүдөй беш суроо коюлган:

  1. Камакка алынган коррупционерлерди өмүр бою абак жазасына кесүү;
  2.  Донбасска эркин экономикалык аймак куруу маселесин колдоо;
  3. Жогорку Раданын депутаттарынын санын 450дөн 300гө түшүрүү;
  4. Каннабисти (баңгизаттын бир түрү) дары өндүрүшүнө киргизүүнү мыйзамдаштыруу;
  5. Будапешт меморандуму менен аныкталган коопсуздук кепилдиктери маселесин эл аралык деңгээлге чыгаруу;

Владимир Зеленскийдин билдирүүсүнө ылайык, аталган суроолор референдум эмес жана эч кандай юридикалык күчү жок, жөн гана калктын пикирин билүү болуп саналат. Президенттин мындай суроолорду шайлоого киргизишине «Владимир Зеленский мурункулардын жолу менен кетип баратат» деген эл ичиндеги айрым нааразычылыктар себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM