Биз менен байланышыңыз

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган конференция өтөт

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 699 | 0

Бүгүн, 25-октябрда белгилүү коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара алгач «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү Исхак Раззаковдун кабырына куран окуу менен башталып, андан соң Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында «Исхак Раззаков — улут лидери» аталышындагы илимий-практиикалык конференция менен уланат. Иш-чаранын жүрүшүндө Исхак Раззаковдун мемориалдык үй музейине саякат жасоо да мерчемделген.

Исхак Раззаков — 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Лейлек районунун Коросон кыштагында туулган. 1950-1961-жылдары Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал Кыргызстанды жетектеп турган жылдары Орто-Токой суу сактагычы, Фрунзе заводу сыяктуу бир катар ири объектилер пайдаланууга берилген. Ошондой эле Исхак Раззаковдун түздөн-түз көрсөтмөсү жана жетекчилиги астында Фрунзе (Бишкек) шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү №5 орто мектеп ачылган жана алгачкы жолу телекөрсөтүү студиясы уюштурулган. Замандаштары анын адилет, калыс, Мекенге күйгөн жетекчи болгонун баса белгилеп келишет.  1979-жылы Москва шаарында каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилген.  2010-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM