Биз менен байланышыңыз

Оштон жоголгон унаа Токтогулдан табылды

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 288 | 0

Ош шаарынан уурдалган унаа Токтогул районунан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 23-октябрда Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына көп кабаттуу үйдүн астында токтоп турган «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү кызыл түстүү унаа жоголгону боюнча арыз түшкөн. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында, аталган унаанын Жалал-Абад облусу тарапка өткөнү аныкталып, Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгына багыттама жөнөтүлгөн.

Болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору Токтогул районунун
аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү «Хонда-Фит» автоунаасын тосушкан. Бирок айдоочу токтобой өтүп кеткен. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда айдап бараткан адам, Ош облусунун 1994-жылы туулган тургуну Х.Р. унаадан түшүп, эскертүү иретинде асманга ок атылганына карабай, жөө качып жөнөгөн.

Учурда кылмышка шектүү колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM