Биз менен байланышыңыз

УКМК көп кабаттуу үйлөрдүн курулушундагы мыйзам бузууларды аныктады

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 236 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитети бир топ мамлекеттик органдын кызмат адамдары турак жай имаратын курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы 23-октябрда тараткан билдирүүдө, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, «Бишкек башкы архитектура» ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар табылды.

2019-жылдын август айында Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу курулуштардын уруксат документинде мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы далилденген.

«Айлана-чөйрөнү коргоо» жана «Экологиялык экспертиза жөнүндөгү» мыйзамда сейил бактарда, скверлерде, турак үйлөрдө, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу, суу коргоо зоналарынын чегинде ага ылайык имараттарды долбоорлоого жана курууга тыюу салынган.

22-октябрда сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы барларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM