Биз менен байланышыңыз

Элдар Аттокуров Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болду

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1211 | 0

Элдар Аттокуров Өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Элдар Аттокуров парламенттик шайлоого «Ордо» саясий партиясы менен катышкан.

2003-2010-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын кызматкери;

2009-2011-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде ага окутуучу;

2011- 2012-жылдары Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, премьер-министрдин спичрайтери;

2012- 2016-жылдары Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2016-2019-жылдары Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси кызматтарында иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM