Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусияны шайлоочулар боюнча маалымат топтоого айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 282 | 0

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматы Орусияны шайлоочулар боюнча маалымат топтоого айыптады.

«Биз коомчулукка эскертебиз: Иран менен Орусиянын биздин шайлоого байланыштуу коомдук пикирге таасир этүүчү кадамдарды жасагандыгын байкадык. Биз аталган эки өлкө шайлоочулардын өзүнчө катталышы боюнча айрым маалыматтарды алгандыгын тастыктадык», — деди Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Ретклифф.

Ал бул маалымат шайлоочуларды күмөн саноо жана шайлоого болгон ишенимди азайтуу үчүн колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле Иран жасалма добуш берген видеотасма таркатып жатат деп айыптап, кадрлар жасалма, ишенимсиз экенин белгиледи.

«Бул — айласы кеткен оппоненттердин аргасыз кадамы», — деп кошумчалады Ретклифф.

Ал Америка Кошмо Штаттары шайлоого кийлигишүүгө «чыдай албай» тургандыгын жана аны жасаган адамдарга «баасын төлөп берүүгө» даяр экендигин дагы бир жолу кайталады.

Орусия менен Иран АКШдагы шайлоого кийлигишүү жөнүндөгү айыптоолорду четке кагууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM