Биз менен байланышыңыз

Каржылык продукт жөнүндө эмнелерди билишибиз керек?

Блог , Экономика | 22 Окт 2020 | 668 | 0

Биз бүгүн каржылык продукт жөнүндө, анын баасы, артыкчылыктары жана пайдасы тууралуу «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын төрагасынын орун басары Самат Каликеев менен маектештик.

— Каржылык продукт кандай иштейт? Кандай максатты жана милдетти аткарат? 

— Каржылык продукт – бул атайын кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн иштетилип чыккан каржылык курал. Мисалы, үй алганга кардардын каражаты жетпей жатса, атайын ипотека продуктусун сунуштайбыз. Жеке ишкерлерге да атайын бизнес өнүктүрүү үчүн насыя продуктулары бар.

— Каржылык продукт бир эле адамдын максатын ишке ашырууга же жашоосун жакшыртууга багытталган. Ошондо ал бир конкреттүү адамга же муктаждыкка жасалат, туурабы?

— Дүйнөдө ар бир адам өз жашоосун жана материалдык-каржылык абалын жакшыртууга умтулат. Бирок муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ар дайым каржы булагы боло бербейт. Заманбап дүйнөдө өз максаттарына жетүү үчүн жетишпеген каражаттарды «насыя» деп аталган каржылык продукт аркылуу алса болот.

— Каржылык продукттун артыкчылары жана пайдасы эмнеде?

— Насыялардын түрлөрү көп, алар максатына жараша болот. Анын пайдасы – кошумча акча талап кылган каалаган максатка жетүү процессин тездетүү. Мисалы, жашоо шартын жакшыртуу, унаа сатып алуу, бизнеске акча салуу, жаңы диплом алуу жана башка ушул сыяктуу муктаждыктар үчүн кредитке кайрылса болот.

— Ал эми кайсы учурда каржы продукт иштебей калат? 

— Каржы уюму кардарга насыя берүүдө насыя тарыхын жүргүзөт. Иш кагазда кардар алган насыялар жана аларды төлөөнүн натыйжалары жөнүндө бардык маалыматтар камтылган. Насыя тарыхында насыяны төлөөнүн кечиктирилиши же башка келишимдин шарттарын бузуу жөнүндө маалымат топтолгон. Мунун бардыгы каржы институту менен насыя алуучунун ортосундагы мамиле курууга чоң таасир этет.

— Компаниялар өз ишмердүүлүгүн жайылтуу максатында чоң көлөмдөгү каражаттарды сырттан же тышкы насыя берүүчүлөрдөн чогултат. Аны алууда аларга пайыздык чен төлөнөт, андан кийин насыя алуучулардын арасында рынокко жайгаштырылат. Мындан улам микрокредиттик компаниялардын насыялары кымбат пайыздык чен менен берилип калары баарыбызга белгилүү…  

Өзүбүз билгендей эле, акча — бул: товар. Ар бир товардын өз баасы болот. Мисалы кийим сатып иштесеңиз, биринчиден, кийим тигүү үчүн сиз материал сатып алышыңыз керек. Экинчиден, ал материалды тигүү цехине алып барып, кийим тиктиртесиз. Тигүү үчүн да чыгаша кетет. Булардын үстүнө жол кире менен салык кошулат. Чыгымдардын баарын кошкондо товардын баасы билинет. Анын үстүнө сиз өз пайызыңызды да кошосуз. Ошондой эле кредиттик продукт да — товар. Мисал келтирсек, көптөгөн микрокредиттик компаниялар биздин банктардан 16-18 % менен кредит алышат, комиссия жана башка чыгымдарын кошкондо ал 20-22 % болот. Кредит алып-саткан ишкер да өз пайызын кошот. Ошентип кредиттин пайызы көтөрүлүп кетет. Азыркы күндө кардарларга  микрокредиттик компаниялар 24төн 30%га чейин насыя беришет.

Кардар насыя алуу үчүн кайсы документтер керек, кандай шарттарды аткарып жана ким колдоно ала алат?

Жеке адамдар жана юридикалык ишкерлер колдоно алышат. Башкы талап кардарлардын жашы 21ден 65 жашка чейин болуш керек. Кредиттик тарыхы да жакшы болушу зарыл. Кардар канчалык көп кредит алып, аны убагында төлөп турса, кредиттик мекеме насыя пайызын азайтып турат. Ошондуктан төлөмдөрдүн тарыхын дайым сакташы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM