Биз менен байланышыңыз

Грузияда инкассация унаасынан 5 миң доллар карактап кетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 297 | 0

Кобулети шаарында Грузия банкынын инкассация унаасынан 75 миң доллар каракталган. Бул тууралуу TV Pirveli билдирди.

Бул акыркы эки күндүн ичинде Грузия банкына болгон экинчи чабуул.

Эске салсак, буга чейин автомат жана граната менен куралданган адам Грузия банкынын Зугдиди шаарындагы филиалына кол салган. Ал банкта кезек күткөндөрдү жана иштегендерди барымтага алып, 500 миң доллар талап кылган. Эртеден кечке созулган атайын операциянын натыйжасында 43 адам бошотулган. Кол салган адам ИИМдин кызматкери Автандил Галдав жана барымтага алынган үч кишини ээрчитип, полиция унаасы менен банктан чыгып кеткен.

Кийинчерээк кылмышкер өзү менен кошо барымтага алган адамдарды бошотуп, качып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM