Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Чалгындоо кызматынын башчысы Лукашенко менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 243 | 0

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого жолугуу максатында бүгүн Минскиге келди. Бул тууралуу «Пул первого» Telegram каналы жазды.

«Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин бүгүн Минскиде. Президент менен бир сааттан кийин жолугушат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Сергей Нарышкиндин Беларусияга болгон расмий сапары алдын ала болжолдонгон эмес жана бул боюнча расмий билдирүү жасала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM