Биз менен байланышыңыз

Орусия менен Украина соода кызматташтыгын талкуулашты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 277 | 0

Орусия менен Украинанын расмий бийлиги 2014-жылдан бери биринчи жолу соода-экономикалык кызматташуу боюнча кездешти.

«РИА Новости» билдиргендей, тегерек үстөлдү Орусиянын Соода, өнөр жай палатасы жана Украинанын Машина куруучулар жана жумуш берүүчүлөр лигасы «Укрмашстрой» уюштурган.

Иш-чарага Орусиянын Соода, өнөр жай палатасынын башчысы Сергей Катирин жана Белгород Палатасынын башкы директору Владимир Герасименко келген.

Украинанын оппозициялык платформасы, «Жашоо үчүн» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Виктор Медведчук, Жогорку Раданын депутаты Александр Колтунович жана «Укрмашстрой» ассоциациясынын төрагасы Владимир Саченко онлайн режимде катышты.

Буга чейин Медведчук Украинанын Машина куруучулар жана жумуш берүүчүлөрүнүн «Укрмашстрой» лигасына 240тан ашуун компания киргенин жана алар Орусияга экспорттолбогондуктан, 10-30 пайыздык жоготууларга учураганын айткан.

Жакында Орусия президенти Владимир Путин премьер-министр Михаил Мишустиндин Орусияга бир катар Украинанын өнөр жай ишканаларынан продукция жеткирүүгө уруксат берүү идеясын колдоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM