Биз менен байланышыңыз

3 астронавт эл аралык космос станциясынан Жерге кайтты 

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 344 | 0

Эл аралык космос станциясынан бөлүнгөн Союз МС-16 космос кемеси эки орусиялык жана бир америкалык астронавт менен Жерге кайтып келди. Кеме Казакстанга келип конду.

Кеме станциядан Бишкек убактысы боюнча 3.32де чыккан.  Космонавттар 9-апрелден бери ЭКСте иштеп жатышкан.

Учурда станцияда 64 экспедициянын мүчөлөрү — орусиялык Сергей Рижиков, Сергей Куд-Сверчков жана америкалык Кэтлин Рубинс жашайт. Алар Жерге 2021-жылдын 9-апрелинде кайтып келишет.

14-октябрда Союз МС-17 биринчи жолу өтө кыска траектория менен ЭКСке учуп, ага болгону 3 саат 3 мүнөттө жетип, рекорд койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM