Биз менен байланышыңыз

«Кооз» күндөрдө баш кошкон түгөйлөр тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 532 | 0

Бишкек шаарындагы борбордук «Бакыт» өргөөсүнүн ачылып, нике каттоо ишин баштаганына быйыл 53 жыл толду. Ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 182 миң 379 түгөйдүн никеси аталган мекеме тарабынан катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, «кооз» даталарда үйлөнүүнү каалаган, никесин каттатууну каалаган жаштардын саны арбын. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы октябрь айындагы «кооз» күндөрдө баш кошкон түгөйлөрдүн сан-эсебин алып көргөн. Ага ылайык, жалпы өлкө боюнча 2019-жылдын 19-октябрында (19.10.2019) 62 түгөй, 2020-жылдын 10-октябрында (10.10.2020) 92 түгөй (мунун ичинен 75 түгөй «Бакыт» өргөөсүнөн каттаткан), 2020-жылдын 20-октябрында (20.10.2020) 222 түгөй (мунун ичинен 41 түгөй «Бакыт» өргөөсүнөн каттаткан) никеге турган.

Белгилей кетсек, «Бакыт» өргөөсү 1967-жылдын 5-январында ачылып, нике каттоо ишин баштаган. 1987-жылы мекеменин имараты жаңы имаратка көчүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM