Биз менен байланышыңыз

УКМК: Террордук топко кошулуу ниети бар жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 242 | 0

Эл аралык террордук топко кошулуу ниети бар Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жаран жихаддык идеология жүргүзүүчүлөрдүн үгүтүнүн аркасында эл аралык террордук топтун катарына кошулуу үчүн транзитттик каттам аркылуу Сирияга жөнөп бараткан. Жалданмачылыкка шектүү адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана бул ишке катышы баш каналдарды да издөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM