Connect with us

ЭлТРдин жамааты Шаиста Шатманованын жетекчи болуусуна каршы чыгышууда

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 1565 | 0

«ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын жамааты жаңы дайындалган жетекчиге нааразы болушуп, иш таштоого барарын билдиришти. Бул тууралуу телеканалдын жамааты Бишкек жана Ош шаарындагы корпустук телекөпүрө учурунда маалымдашты.

Алардын айтымында, ЭлТР телеканалынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызматтан негизсиз алынган. Анын ордуна башкы директор катары Шаиста Шатманова келген. Бирок телеканалдын жамааты бийлик өкүлүнө каршы чыгышып, Оштогу башкы кеңсе жана Бишкектеги корпусу телекөпүрө уюштурган.

Кызматкерлер: «СДПКдан депутаттыка аттанган «Супер-Инфо» гезитинин мурунку директору Шаиста Шатманова бизге жетекчи болбосун. Эгер азыркы Убактылуу Өкмөт сөзүбүздү укпаса иш таштоого чейин барабыз», — дешүүдө.

Жамааттын видеокайрылуусу. "ЭлТР" МТРК каналына башкы директору болуп дайындалып жаткан Шаиста Шатмановага жамаат карамандай каршылыгын көрсөтүүдө. Оштогу башкы имаратынын жана Бишкек шаарындагы корпунктунун кызматкерлери телекөпүрө менен биргеликте бийлик өкүлүнө нааразычылыгын билдирди. Кызматкерлер СДПКдан депутаттыка аттанган мурунку СуперИнфо гезитинин директору болуп иштеген Ш. Шатманова бизге жетекчи болбосун, эгер азыркы убактылуу Өкмөт сөзүбүздү укпаса иш таштоого чейин барарын айтышты.

Опубликовано Казыбеком Мамасадыковым Среда, 21 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM